www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак президентинин эл аралык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Ержан Казыханов баштаган казак делегациясы Кабулга расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Акордонун расмий билдирүүсүнө караганда, "Казакстан президентинин атайын өкүлү Ооганстандын азыркы администрациясынын өкүлдөрү Абдул Гани Барадар жана Амир Хан Муттаки менен жолукту". Пресс-релизде "Талибан" кыймылы деген сөз айкашы жазылган эмес

"Ооган элине Казакстан тараптан гуманитардык жардам берүү жана соода-экономикалык байланыштарды калыбына кетирүү маселелери талкууланды", - деп айтылат билдирүүдө.

Казакстан делегациясынын башчысы өлкө Ооганстан элине гуманитардык жардам иретинде беш миң тонна ун жөнөткөнүн айтты. Мындан тышкары ал Нур-Султан ооган тарапка казак өндүрүшүнөн чыккан QazVac вакцинасын берүүнү сунуштап жатканын кошумчалады.

Казак делегациясынын Кабулга болгон сапары жөнүндө маалыматтан кийин соцтармактарда Казакстан ТИМинин маалымат катчысы Айбек Смадияровдун автоматчан ыктымал жоочу-талибдердин арасында түшкөн сүрөтү жарыяланды. Казакстан ТИМи бул сүрөт жөнүндө комментарий бере элек.

Буга чейин Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Эсенгелдиев 26-сентябрда Кабулда "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолуккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости