www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров администрациянын кызматкерлери менен жумуш кеңешмесин өткөрүп, администрациянын жакынкы келечекке карай ишинин негизги багыттарын белгиледи.

Ал билдиргендей, президент тарабынан президенттик администрациянын негизги милдетти деп – мамлекет башчынын чечимдеринин аткарылышын так көзөмөлдөөнү камсыздоо коюлган, мында чоң жоопкерчилик тармактык министрликтерге жүктөлөт.

«Мен мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөм жана буга дейре президенттин жана өкмөттүн аппараттарында иш кандай жүргүзүлгөндүгүн билем. Иш процессин уюштуруу принциптерин ыкчам жана натыйжалуу чечимдердин кабыл алынышы максатында толугу менен карап чыгуу зарыл. Бир дагы документ президенттин администрациясында «кептелип» калбашы керек. Ар бир кызматкер кесипкөй сапаттарга ээ болуп, мамлекеттин келечеги үчүн командада ыкчам, ырааттуу жана толук кандуу иш алып барууга тийиш», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, алдыда чоң өзгөрүүлөр турат, масштабдуу социалдык, экономикалык, технологиялык милдеттерди чечүү зарыл, аларды ишке ашырууда бийликтин бардык деңгээлинде, республикадагы айыл өкмөттөн жогорку жетекчиликке дейре мамлекеттик башкарууга жаңыча мамиле кылуу талап кылынат.

Жапаров президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин - алдыдагы бир катар амбициялуу пландарды ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды жана чечим кабыл алуунун эпсиз жана натыйжалуулугу төмөн тутумунан баш тартып, жоопкерчиликтүү милдеттерди эффективдүү чече турган жогорку денгээлдеги кесипкөй адистерден турган мобилдүү жана ишке жөндөмдүү администрация түзүү мезгили келип жеткендигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости