www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда эреже бузган 12 мамлекеттик кызматкер жазаланып, анын алтоо жумуштан кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте добуш бергенден кийин журналисттерге билдирди.

Бишкектеги №1142 шайлоо тилкесинде добуш берген Акылбек Жапаров алгач жолу аткаруу бийлиги шайлоону таза уюштурууга аракет кылганын, кайсы бир күчкө жан тартпаганын белгиледи.

"Биз элдин тандоосуна баш ийебиз жана алар менен иштешибиз. Таза, жакшы мыйзам жазчу депутаттарды тандаңыздар", -деди Жапаров.

Ал журналисттердин "кандай негизде өз тандооңузду жасадыңыз" деген суроосуна жооп берип, партиялардын программалары бирдей экенин айтты.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости