www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Министрлер кабинетинин орун басары Акылбек Жапаровго карата коомчулукта ишенбөөчүлүк, сын пикирлер күчөп баратат. Ишмердиги, жыйнаган дүнүйө-мүлкү шек санатууда. Сиз кандай ойдосуз?” деген суроо салдык.
Мукаш Ырсалиев, серепчи:
- Акылбек Жапаровго карата коомчулукта ишенбөөчүлүк, сын пикирлердин күчөп баратканы – бул мыйзам ченемдүү эле нерсе. Бул кишинин бир эле “жакшы” сөзү бар: “Ваше превосходительство, Курманбек Салиевич!” деген. Бул – кошоматчылыктын жеткен чеги да! Мындан 40 жыл мурун Африка мамлекеттери ХИПИКке кирген. Ошондо кийген чүпүрөктөрү алигүнчө үстүлөрүнөн түшө элек.
Алардын алтын, ж.б. кен байлыктарын чыгарып кетишкен... Ошол мандемге, жакырчылыкка Кыргызстанды сатып жибергенге, шарт түзгөнгө Акылбек Жапаров аябай аракет кылып, аз эле жерден калганбыз. Коомчулук бул терс көрүнүштү унутуп бараткансыйт. Бу киши кайсы бийлик келбесин тилин таап, жармашып иштеп жүрөт.
Бирок, азыр Садыр Жапаров муну туура пайдаланып атат, билим, илимин, акыл көрөңгөсүн дегеним. Анткени, Акылбек Жапаров любой адамды жардан ары түрткөнгө жарайт. Баары бир арты жакшы менен бүтпөйт...
Булак: Азия News гезити