www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) аптаптуу ысыкта алкоголдук ичимдиктерди, кофеин жана кант кошулган суусундуктарды ичүүдөн баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу ДССУнун расмий өкүлү Тарик Язаревич брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.

"Адамдар ысыктан оолак болуп, салкын жерде баш калкалап, суусундукту көбүрөөк ичиши керек. Эгерде башы айланып баштаса дароо дарыгерге кайрылган оң. Анан бир гана суу ичүү керектигин белгилейбиз. Андыктан алкоголдон такыр баш тартып, ошондой эле кофеин менен кант кошулган сууларды көп ичпөө сунушталат", — деди ДССУнун өкүлү.

Ал Канадада күндүн табы 49,6 градуска чейин жетип, аптаптуу ысык болуп жатканын эске салган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы келээрки аптада күн катуу ысып түштүк региондордо 41 градуска чейин жетери эскертилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости