www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Албек Ибраимовго акыркы айыбы угузулду. Бул тууралуу Ибраимовдун жактоочусу билдирди.
Ибраимовго "Дастан" заводундагы коррупция жана мыйзамсыз жер тилкелерди сатуу, алдамчылык боюнча айып тагылган.
Ибраимов мэр болуп турган кезде беш колун бирдей матырып, экс-президентке "Дастандын" жеринен бөлүп берген.
Атамбаев жакында берген маегинде "Дастандын" жерине салынган үйү тууралуу төмөнкүлөрдү айткан.
"Камакта жаткан Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов 2,7 га жерди сунуштап, бул жердеги бактарды сенин атаң Асанбай, Атамбайлар тиккен экен, өзүң алып жердебесең болбойт… - дегенинен макул болуп алдым эле. Ал жеке менчик ээсинен, бир адамдан сатып алгамын – деген болчу. Анан мен айттым, өзүң нааразы болбогондой бааны айт, мен сатып алайын-дедим. Ошентип сатып алып үйдүн курулушун бүткөндө ар кандай сөздөрдү уга баштадым. Кийин Албек менден кечирим сурады, “Дастандын” жери экенин билип, мен да ыңгайсыз абалда калдым,"- деп актанган экс президент.
Булак: NazarNews.kg