www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Федерация Кеңешинин маалымат саясаты боюнча комиссиясынын жетекчиси Алексей Пушков, Түркиянын өлкөсүнүн туруктуу табигый өнөктөшү экенин баса белгиледи.

Орус телеканалына маалымат берген Пушков Москванын учурда Жакынкы Чыгыштагы негизги дүйнөлүк оюнчу экенин белгилеп, президент Режеп Тайип Эрдогандын Орусияга өткөн жумада жасаган сапарынын ийгиликтүү болушунун өздөрү үчүн да пайдалуу экенин айтты.

Сапар убагында экономикалык санкциялардын баскыч түрүндө жоюлушу, жумуш визаларынын алып салынышы сыяктуу темалардын каралганын эске салган Пушков: «Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жакшы байланыштары сөз болууда. Айрыкча Түркия Сириянын түндүгүндө Күрт мамлекетинин түзүлүүсүнөн тынчсызданып жатат. Бул темаларды сүйлөшүү үчүн Эрдоган Москвага келди»,- деди.

Түркия менен ири долбоорлордун ишке ашырылышынын абдан маанилүү экенин баса белгилеген Алексей Пушков: «Жакынкы Чыгыштагы долбоорлор саясий жана экономикалык жактан биздин аймактык таасирдүүлүгүбүздү арттырат»,- деп айтты.

Пушков Түркия менен жакын болуу керектигин баса белгилеп, карым-катнаштарды дагы да бекемдеп экономика менен катар ар түрдүү тармактарда жакшы жыйынтыктардын алынуусун каалады.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости