www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган эки түркиялык министрди киргизбей койгону үчүн Нидерландияны айыптап, мунун жообу кымбатка түшөт деди.

Ишембиде Нидерландиянын бийлиги Роттердамда жашаган түрк жарандары менен жолугушуу үчүн бараткан эки министрди өлкөгө киргизбей койгон. Нидерландияга барган Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуна, көп өтпөй Үй-бүлө маселеси жана социалдык саясат боюнча министр Фатма Бетул Саян Каяга өлкөгө кирүүгө уруксат берилген жок.

Нидерландияда түркиялык 400 миңдей жаран жашайт. Түрк саясатчылары Нидерландияда жашаган түрк жарандарына жакында референдумга сунушталып жаткан Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча үгүт жүргүзмөк. Референдумда мамлекеттин башкаруу формасын парламенттиктен президенттикке өзгөртүү сунушталууда.

Министрлер эмнеге киргизилген жок?

Нидерландиянын өкмөтү бул сыяктуу иш-чаралардын арты коопсуздукка зыянын тийгизбейби деген кооптонуу менен ушундай чечимге барганын билдирди.

Роттердамдагы Түркиянын консулдугунун алдына каршылык акциясына чогулган Эрдогандын тарапташтарын полиция таратты.Роттердамдагы Түркиянын консулдугунун алдына каршылык акциясына чогулган Эрдогандын тарапташтарын полиция таратты.

Түрк саясатчылары менен диаспора өкүлдөрүнүн жолугушуусу 15-мартка дайындалган Нидерландиядагы парламенттик шайлоого туш келүүдө.

Бул шайлоодогу негизги добушка ээ болот деп күтүлүп жаткан "Эркиндик" партиясы "исламды токтотууга" үндөп, "Нидерландия кайрадан улуу мамлекет" кылуу чакырыгы менен чыгууда.

Жаңжалдын өнүгүү хроникасы

Буга чейин Австрия, Германия жана Швейцария бийлиги түрк расмийлеринин ушундай жолугушууларына тыюу салган. Ушундан кийин түрк лидери Эрдоган Германияны "нацисттик ыкмаларды" колдонуп жатат деп айыптады. Ал эми түрк министри Чавушоглу Нидерландияны «фашизмдин борбору» атады.

Жекшембиде каршылык акциясына чыккандар Стамбулдагы Нидерландиянын консулдугунун имаратына түрк желегин илишти.Жекшембиде каршылык акциясына чыккандар Стамбулдагы Нидерландиянын консулдугунун имаратына түрк желегин илишти.

Даниянын премьер-министри Ларс Лёкке Расмуссен Түркиядагы демократиялык принциптер кысымга кабылып жатат деп, алдынала пландалган түрк премьери менен боло турган жолугушуудан баш тарткан.

Деген менен Франциянын Мец шаарынын бийлиги түрк жарандары менен жыйын өткөрүүгө түркиялык расмийлерге уруксат берип, митинг өтүп жаткан учурда ар кандай чагымчылдыкка алдырбоону өтүндү.

Эрдоган батыш өлкөлөрүн исламофобия үчүн айыптап, эл аралык уюмдардан Нидерландияга санкция киргизүүнү талап кылды.

«Нацизм жок боду деп айткан элем, бирок мен адашыптырмын. Батышта нацизм өлбөптүр",-деди Эрдоган.

Эрдоган Тышкы иштер министри Чавушоглуну Мец шаарындагы митингде сүйлөгөнгө уруксат бергени үчүн Францияга ыраазычылык билдирди.

Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте "нацисттер" менен салыштырганы үчүн Эрдоган кечирим сурашы керек деп талап кылууда. Жекшембиде Швецияда Эрдогандын тарапташтарынын митинги болмок. Бирок коопсуздук маселесине байланыштуу ал убактылуу токтотулганы белгилүү болду.

16-апрелде Түркияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча рефендум өтөт. Референдумда мамлекеттин башкаруу формасын парламенттиктен президенттикке өзгөртүү сунушталууда.

Франциянын Мец шаарында Эрдогандын тарапташтарынын митинги өттү.Франциянын Мец шаарында Эрдогандын тарапташтарынын митинги өттү.

Түркиядан сырткары жашаган жарандарынын саны 5,5 млн деп айтылууда. Германиянын өзүндө эле добуш берүүгө укугу бар 1,4 млн түрк жараны бар. Ошондуктан түрк бийлиги аларды өзүнө тартуу үчүн болгон күч-аракетин жумшап жатат.

Түрк диаспоралары жашаган көптөгөн Европа өлкөлөрү коомдогу чыңалууну жаратпасын деп чочулап, түрк расмийлери менен боло турган жолугушуу, митингдерге каршы болуп жатат. Батыш өлкөлөрү өткөн жылы ишке ашпай калган Түркиядагы аскер төңкөрүшүнөн кийинки камакка алуулар жана кугунтуктоо боюнча терең тынчсыздануусун билдирип келген. Эми Эрдоганды авторитардык бийлик курууга жанталашып жатат деп айыпташууда.

Булак: "bbc.com"

Последние новости