www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тирүү калгандарды урандылардын алдынан сууруп чыгышты. Алеппо провинциясындагы Аль-Жина аймагындагы мечитке бомба чабуулу жасалып, ондогон кишилер жаракат алды.

Жайкын тургундар арасындагы жоготуулар тууралуу Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбор кабарлады. Муну аймакта куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан ыктыярчылар дагы ырастоодо.

"Кайсыл өлкөгө таандык экени белгисиз аскер учактары Алеппо провинциясындагы мечитке чабуул жасаган. 42 киши набыт кеткен, негизинен жайкын тургундар»,- деди Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбордун жетекчиси Рами Абдель Рахман.

Рахман кошумчалагандай жүзгө чукул адам жаркат алган. Тирүү калгандардын айрымдарын урандылардын алдынан сууруп чыгышты. Чабуул ким тараптан жасалганы белгисиз болуп турат.

Аль-Жинанын сириялык көтөрүлүшчүлөр кармап турушат. Бул калктуу конуш Алепподон 20 чакырымдай алыстыкта, батыш тарабында жайгашкан.

Чабуул ким тараптан жасалганы белгисиз болуп турат.Чабуул ким тараптан жасалганы белгисиз болуп турат.

22-декабрда Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппону толук көзөмөлүнө алганын расмий жарыялаган. Бул шаардын чыгыш бөлүгүн көтөрүлүшчүлөр дээрлик төрт жыл боюу кармап турушту.

Алеппо өкмөттүк күчтөрдүн карамагына өткөндөн кийин Human Rights Watch уюмунун укук коргоочулары шаарда химиялык курал колдонулган деп айтып чыккан.

Булак: "bbc.com"

Последние новости