www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери шаардагы коммуналдык чарба кызматкерлерине кесиптик майрамына байланыштуу сый көрсөтүштү. Атайын уюштурулган жыйында шаар мэри Салайдин Авазов шаардагы коммуналдык тармактын  кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, алдыңкыларга Ардак грамоталарды тапшырды.

С. Авазовдун айтымында, акыркы эки жыл ичинде шаарда бир топ жакшы өзгөрүүлөр байкалды, бул ийгиликтерде коммуналдык чарба кызматкерлеринин салымы зор.

-Урматтуу  коммуналдык тармактын  кызматкерлери! Шаарыбыздагы болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн, ийгиликтердин бардыгы сиздердин жардамыңыздар аркылуу болуп жатат. Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен жеке өзүмдүн жана шаардык мэриянын атынан куттуктайм. Сиздерге ден-соолук, узун-өмүр, ишиңиздерге ийгиликтерди калайм. Мындан ары да баарыбыз биргеликте шаардын гүлдөп өсүшү үчүн аракет кыла берели, - дейт С. Авазов.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Жалал-Абад шаарындагы 67 объектте, кийинки 2016-жылы 68 объектте курулуш иштери жүргөн. Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча шаардык бюджеттин эебинен жүргүзүлгөн курулуш иштеринин көлөмү мурдагы жылдарга караганда 4-5 эсе көбөйгөн. 

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости