www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алгач Али Прагадан май айында Стамбулга учуп, ал жерден Кыргызстандын консулу Эркин Сопоковго жолукканы айтылганы, андан соң Бишкекке келе калып,  "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" аттуу "тумандуу  иликтөөнү" чүргөй коюп, Райым Матраимовго жалаа жапканы "эсибизде. Коомчулукта эки анжы ой пайда болуп, бирок, көп өтпөй эле анын буйрутма экени ачыктала баштаган. Аталган акчапар товар жүгүрткөн атамекендик ишкерлердики болуп чыккан. Натыйжада, ал иш менен уйгур тектүү Айеркен Саймаити шугулданары белгилүу эле...

Кылмышка шектүу баласы-атасы: Азамат жана Эркин Сопоков депутат Төрөбай Зулпукаровдун эң жакын адамдары болгон. Жакында Айеркен Саймаитини Стамбул шаарынан атып кетишкен. Кармалган киллерлер көрсөтмө берүүдө  "мусулман болбогону үчүн өлтүрдүк" дешиптир. Бирок, бул негиз болбошу  да мүмкүн. Эң кызыгы, Стамбулдагы Кыргызстандын консулу Эркин Сопоковдун дипмашинасын Саймаити ижарага алып, пайдаланып жүргөнү ачыкталды. Ошого катар экөөнүн мамилеси ынак болгону, жең ичинен бизнес кылышканы да айтылууда. Бул боюнча атайын кызматтык иликтөө башталганы белгилүү. Эркин Сопоков болсо, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы шопуру, мындайча айтканда, көздөй адамы эле. Экс-президенттин заказын аткарып турганбы?..

Дал ушул Сопоковдун Азамат аттуу баласы УКМКда иштеп жүргөндө пара менен кармалганы, соцтармакка видеосу жайылганына кубө болдук. Андагы бийликтин "керемети" менен Азамат жоопкерчиликке тартылбай эле Төрөбай Зулпукаровдун жардамчысы болуп алганы ашкереленди. Бул боюнча Зулпукаров өзү моюнуна алып, атасы Сопоков менен өтө жакын мамиледе болгонун да жашырбады. Ошондо "иттин өлүгү кайда көмүлгөнүн" сезип атасыңарбы?..

Айеркен Саймаити менен "Душканын" жакындыгында мандем бар окшойт Айтмакчы, Али Токтакунов "иликтөөсүндө" "Бир Бол" фракциясынан депутат, "Душка" каймана атындагы Дуйшөн Төрөкуловду сүйлөтөт. Эки ооз сөздү эптей албаган Төрөкулов "ошолордун эле колунан келип... Бирок, эмнени айтып атканы түшүнүксүз боюнча калган... Ал эми бүгүн болсо, Айеркен Саймаити менен Дүйшөн Төрөкуловдун чай үстүндө отурган сүрөтү жарыяланды. Коомчулук таң калууда. Бул экөөнүн криминалдык жактан байланышы болгон эмес беле? Эске салсак, бир топ мезгил өтүп калды, Оштон ири суммадагы миллиондогон доллардын тонолгонун "би өтөрболчулардан" шек санашканын окудуңар беле? Жакында эле "Манас" аэропортунан дагы бир уйгурду өлтүрүшуп, жанындагы ири сумманы тоноп кеткени, бул жагы да "бирболчуларга" байланыштуу эмеспи? Ошондо мындай чиеленишкен иштерди ким кылышы мүмкүн? Бул суроолордун туйүнү да чечмеленсе керек... Кызыгы, "Душка" азыр Төрөбай Зулпукаровго ыктап атканы да жөн жерден эмес го?..

СӨЗ СОҢУНДА

Жогорудагы фактылар менен шектенүүлөргө биз болгону анализ кылдык. Азырынча күч органдары да "казганга" үлгүрө элек. Бүйүр кызыткан маалыматтарга коомчулук кызыгып, чындыкка умтулганынан улам соцтармактарда көтөрүлүп, баягы из куугандай эле биринин артынан бири "жарк" этүүдө. Кызык далилдер дагы алдыда окшойт...

Булак: "КабарИнфо"

Последние новости