www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын санынын өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Анда айтылгандай, бул маалыматты “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркына коюлган фото капкандардын жыйынтыгы дагы бир ирет далилдейт.

Фото капканга түшкөн сүрөттөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй бул өзгөчө корголуучу аймакта дээрлик баардык жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын байыр алгандыгы көрүнүп турат.

Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан биотүрдүүлүктү, экосистеманы коргоо, жапайы жаныбарлардын, анын ичинде Ак илбирстин санын көбөйтүү багытталган активдүү иш-чаралар өз жемишин бере баштады десек болот. Анткени, буга чейин бул аймактарда жапайы жаныбарларды кездештирүү мүмкүн эмес эле.

Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери ар дайым жергиликтүү жашоочуларга айлана чөйрөнү коргоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен тигил же бул сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын санынын көбөйүшүнө же болбосо азайуусуна байкоо жүргүзүшүп турушат.

2019-жылдын сентябрь айында Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери жаратылыш паркынын кызматкерлери “Пантера” жана “Илбирс” уюмдарынын колдоосу менен “Чоң-Кемин” жаратылыш паркынын аймагына 10 фото капкан орнотушкан. “Чон-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркынын жалпы аянты 123 миң 654 гектарды түзөт. Мында сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын 45тен ашуун, канаттуулардын 122 ден ашуун түрлөрү байырлаган. Ал эми келгин куштардын саны 100 дөн ашуунду түзөт. Мындан Кыргызстандын Кызыл китебине кирген бугу, аюу, суусар, орок тумшук чулдук, Грейна, (тюльпан Грейга), Колпаковский (тюльпан Колпаковский), Зинаид (тюльпан Зинаиды) мандалактарын, Семенов пиязын (лук Семенова), Чыраш (эремурс Зои) ж.б. ошондой эле дарылык касиетке ээ бир катар чай чөптөрдүн түрлөрүн кездештирүүгө болот.

Белгилеп кетүүчү жагдай, жыл сайын Кыргызстанга 350 ашуун келип кетүүчү сейрек кездешүүчү жапайы канаттуулардын түрлөрү келишет.

Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында 400 дөн ашуун сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын жана канаттулардын түрлөрү кездешет. Алардын 57 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости