www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Алмамбет мырза, экс-президент Атамбаевдин кол тийбестигин алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу убактысы жакындап келатат. Иш процедура боюнча жүрүп жатабы?

- Атамбаевгалгач 9 пункт боюнча күнөө коюшкан. Комиссия аны карап, ичинен үчөөсү ал кишинин премьер-министр болуп турган убагындагы кылган жоруктары экен, ошондуктан, аларды алып салды да, алтоосун калтырды. Алты кылмышынын ичинде «узурпация», «журналисттерди, ММКларды куугунтуктоо, миллиондоп доого жыгуу», «саясатчыларды куугунтуктоо» деген жагдайлар бар. Булар көңүл буруучу биринчи маселелер деп ойлойм. «Экс-президентти өтө оор кылмышы үчүн гана жоопко тартууга болот» деп турбайбы. Бул маселе анын кол тийбестигин алып коюу менен чечилет. Иш процедураны сактоо менен жүрүп жатат. Атамбаевдин кол тийбестигин алып койгондон кийин, Башкы прокуратура анын бардык кылмыштары боюнча иш козгой алат. Премьер-министр болуп тургандагы иштери боюнча да, ал тургай, өзгөчө оор эмес кылмыштары үчүн да иш козгой ала турган болот.

- Эл билбеген дагы кандай кылмыштары кошулуп калышы мүмкүн?

- Кол тийбестик алынгандан кийин, күч органдарынан тергөө группасы түзүлөт. Алар ийне-жибине чейин иликтейт. Кандай кылмыштары болсо, баары чыгат.

- «Ата Мекен» партиясы да Атамбаевдин кылмыштарын иликтегенсиздер. Ал документтер бүгүнкү депутаттык комиссиянын ишинде колдонулабы?

- Биздин партия Атамбаевге койгон негизги айып – бул узурпация болгон. Атамбаевдин эң чоң кылмышы да ушул. Бийликти кыянаттык менен пайдаланып, узурпациялап, ал аркылуу сотторго кийлигишкен, коррупция жасаган, оюна эмне келсе, ошонун баарын кылган. Узурпацияны аныктаган 2016-жылдагы документтерибизди комиссияга бердик.

- Төрага экс-президент Атамбаевди 5 миңдей адам чогултуп жатканын айтты. «Абал курчуп жатат» дегенге негиз барбы?

- Мен ойлойм, эгерде, баары процедуралык негизде өтсө, ага эч кандай негиз болбойт. Анткени, эл баарын түшүнүп турат. Бул элдин талабы. Бул мындан ары сабак болуп, келген президенттер эч качан мыйзамды бузбай иштесин, качып кетпесин, өз элинде калсын, жүзү жарык болсун дегенге алып бараткан жол.

Эгерде, биз ошондой күчтүү, таза, мыйзамды сыйлаган коомду куралы десек, анда биз тарыхый окуяларда өзүбүздүн бааны, парламент, эл өз баасын туура бериш керек. Азыркы кетип жаткан процедуралардын баары туура болуп жатат. Ошол процедуралар менен биз чечимдерди кабыл алабыз. Ал эми ишти козгоо, же козгобоо маселеси прокуратуранын иши. Парламент тергөөчү боло албайт. Биз саясий баа берип, кол тийбестигин гана алып, прокуратурага жиберебиз. Алар иликтеп, «кылмыш бар», же «жок»дейт. Андыктан,  мындан аркы кадамдар прокуратураныкы. Бирок, демилгечи топ алып чыккан тогуз айыптын «алтоосунда шектенүүгө негиз бар»деди.

- А негизи, Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу,  андан кийин аны жоопко тартуу, же камоо менен саясий абал өзгөрүшү мүмкүнбү?

- Мен ага кошулбайм. Саясий абал эч өзгөрбөйт.

Динар Турдугулова

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости