www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевди “опэгэшник” деп аташты

Депутат Альфия Самигулина бүгүнкү отурумда, Жогорку Кеңеш экс-президенттин дарегине айтылган айыптар далилденбесе, кандай жоопкерчилик күтөөрүнө кызыкты.

“Биз мурдагы президентти уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деп бүт өлкөгө жар салдык. Сленгди колдонуу менен эле аны кылмышкер кылып салдык. Атамбаев жасаган такталган кылмыштар жок. Эгер, тергөөнүн жүрүшүндө калган 6 кылмыш аныкталбаса, анда Жогорку Кеңеш кандай жоопкерчилик алат?”, - деп сурады депутат.

Буга Атамбаевди кол тийбестигин караган атайын комиссиянын  башчысы Каныбек Иманалиев, бул тууралуу ал Башкы прокурордон сураганын айтты.

“Башкы прокурор Атамбаевдин иштеп турган маалда конституцияга каршы кылмыштуу топ түзуп алгандыгы боюнча жазууга уруксат берген. Жогорку Кеңеште болгону моралдык жоопкерчилик жатат. Биз күнөөлөгөн жокпуз. Башка жарандар менен бирдикте аны да суракка алууга мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз”, -деп айтты К.Иманалиев.

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечимин Башкы прокуратурага жиберди. Мындай чечим Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынды.

Долбоордун токтомун 100ү колдоп, бешөө каршы чыккан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости