www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмамбет Шыкмамбетов бүгүн, 22 – февралда жүйөөлүү себептер менен УКМК суракка барбайт. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

“Ата Мекен” фракциясына караштуу ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовду 22-февраль саат 11:00 го УКМКга сурак берүү үчүн коңгуроо каккан болчу.

Эске сала кетсек, 17-февралда Башкы прокуратура Алмамбет Шыкмаматовго каршы кылмыш иш козгогон. Ага себеп эсеп палатасында аудитор кызматын жетектеп турганда, тендер өткөрүүдө мыйзамдарды бузган деген айып тагылууда.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов жасалма тендер өткөргөнгө катышкан деген айыптарды четке кагып келүүдө.

Ал эми социалдык тармактарда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун күнөөлөшүнө бийлик тарапка ачуу сын-пикирлерди айтылууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости