www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Хашим табыптын бейтапканасын журналисттер басты. Балким журналисттер баспай эле кара басты десек туура болчудай. Тартак буттуу видеокакмералары, колтойгон микрофондору менен, бирден-экиден да эмес, топ-тобу менен дарбып. Дарбазанын, бейтапкананын эшиктерин түртүп, тээп кирген карөзгөйлүгү менен. Тим эле кылмышкерди кылмыш үстүндө кармап алгандай. Дапдаяр суроолору менен. Баарынын издегени жалгыз Хашим Зайналиев. Башка эч ким кызыктырбайт экен. 
Журналисттик чынчылдык менен көрөгөчтүктүн да, шылуундук менен аксымдыктын да өйдө-ылдыйынан аздыр-көптүр кабардар болгон биз дал ошол тапта барып калбаганда, балким, калп айтканды билбеген кайран Хашимди, өткөн күздөгүдөй кылып, төө басты кылып тебелеп, көк бөрү кылып тартып кетишмек.
Алардын баары саламаттык сактоо министрлигинин жана “Баарыбыз ракка каршы туралы” (“Вместе против рака”) деген бейөкмөт уюмду башкарган Гүлмира Абдыразакова деген айымдын айдагы менен барганы дароо эле айдан ачык болду. Эне сүтү оозунан жаңы кеткен кесиптештерим заказчыларын жашыра албай айтып коюшту. Баарынын сураганы кечээ күнү Фейсбуктагы менин расмий баракчамдагы макалага жооп катары “Заноза” сайты Г.Абдразакова менен биргелешип тараткан ушак тууралуу. Хашимге келип дарыланып, андан онкологиялык ооруканага барып химиятерапия алып, анан дарты кабылдап каза болгон бир келинди Хашим өлтүргөн имиш. Биринчиден, ал келиндин өзүнөн Хашимде күнөө жок деген керээз калыптыр. Экинчиден, туугандары аны аткарып, табыптын түбүнө жетүүнү көксөгөндөрдүн айдагын укпай, Хашимге доомат коюудан караманча баш тартыптыр.
Демек, укуктук да, моралдык да маселе жок, бирок эмне шылтоого болсо да жабышып, Зайналиевди жок кылууга кызыкдар адамдар толтура. 
Айдакталып келген жаш кесиптештерге маселенин төркүнүн түшүндүрүүгө аракет жасадык. Бейтаптарга киргизип, суроолорун берип, тасмага тартып алууга шарт түзүп бердик. Арткы эки тешиги биригип калган эжеге чейин көргөздүк. Рагын Хашим айыктырыптыр. Эми өзү хирург болбогон соң, эки органды эки жакка бөлгөн операция жасатып кел деп жөнөтсө бир дагы хирург албайт экен аны. Рак деген диагнозун көргөндө эле так секиришет дейт. Бул жерде ооругандар, али сакая электер жатат. Айыгып чыгып кеткендердин дарегин берели, ар бирин бирден сурап иликтегиле дедик. Онкологдор эми өлөсүң деп чыгарып жиберген адамдар болчу алар дедик. Жөөттөр айыкпас оорудан бир эле адамды сакайткан дарыгерди бүт дүйнөгө чуу кылып, Нобель сыйлыгын берип жатат. Биз ондогон тирүү далилдер турса көзүбүз көр, кулагыбыз кер болуп, анысы аз келгенсип ошону жасаган табыпты талкалап жоготуудан кайра тартпай турабыз дедик. Сөздү уккансып, жүйөөлөргө муюгансып эле жатышкан. Көрсө ошентип амалданып, тасмасына бир балээ гана иле албай калышкансыйт. Кечинде НТСтен баягы тарткандарынын бири жок, Хашимди шыбаган материалды оозу-мурду кыйшабай туруп эфирге чыгарышты. 
Бердникова башкарган 5-каналдын журналисттерин болсо ичкери киргизбей эле сырттан кубаладык. Алар өз жүзүн бул бейтапканага өткөн күздө эле көрсөтүшүптүр. Базардагы ажаан аялдын деңгээлиндеги суроолору ошол эле жерде суу кечпей калды. Эфирге болсо кожоюну табыштагандай кылып ыпым далили жок жалаң ушакты коё беришти. Анын ичинде саламаттык сактоо министрлигинин бир куу чирени Хашимдин тапкан акчасын санаптыр, үйүндө олтуруп алып, асманды карап.
Мына мамлекеттик деп аталган телеканалдын кейпи. Элдин саламаттыгын сактайт деген министрликтин кейпи. Хашимдин бейтапканасында кимдер дарыланып, кимдер сакайып жатат? Рак деген балээ чын эле айыгып жатабы? Мунун баары аларга бир тыйын экен. Дегеле кыргыздын ооруганы да, өлгөнү да бир тыйын экен. Ракты жеңебиз деп ооз көптүрүп, ортомчулук кылган уюм түзүп алган Г.Абылгазиева да Хашим сакайткан жүздөн ашуун кишинин бирин да билбейт, анын бейтапканасына бир басып келип, бирөөнүн да жүзүн көргөн эмес. Булардын баарынын жападан жалгыз максаты – расмий онкологиянын өлөөр адамды дырдай жылаңач кылып тоногон көркоо бизнесине доо кетирген Хашимдей чыгаандарды чөөчө талап жок кылуу.
Аргументтеринин баары суу кечпей калганда Абылгазиева айым эмне үчүн Хашим табып аялдардын алдын карайт деп шарияттан насаат айта баштайт экен. Өлөөр ооруга чалдыккандарды тим коюп, алты саны аман эле аялдарды коргоп алса кана эркек гинеколог менен проктологдордон. 
Көрдүк биз Хашимдин таап аткан акчасын да. Канчасы анын айтканын берип жатканын, канчасы жөн эле догурунуп дарыланып чыгып кетип жатканын. Канчасынан Кудайдын ыраазычылыгы үчүн деп кечип салып жатканын. Акчанын артынан түшкөн киши бир кийимин бир жыл кийбейт, патирлеп жашабайт, жок эле дегенде, бирөөнүн ишпалдасы чыккан машинесин минип жүрбөйт. Шарлатан өзү жасаган дарыларды биринчи болуп өзү ичип сынактан өткөрбөйт, өзүнүн эң жакын туугандарын эл менен кошо жаткырып дарылабайт.
Хашим деген өтө сейрек илимпоз, тубаса тамырчы, көрөгөч дарыгер экен. Анан да укмуштуудай сонун адам экен. Бизнести, анча-мынча ийкемдикти, заң-закүндү, ыңгай-шарт дегенди билбейт деле экен. Элдин баарын өзүндөй көрүп, адамдардын акмакчылыгын көргөндө ичинен кан өтүп олтура берет. Эс алган жери эки жагынан ыркырап суук кирген коридор. Ошол жерде олтуруп үргүлөп уктап да калат... 
 Мен эми Хашимди мактай бербейин. Көкүрөгүндө ыйман, адамкерчилик, мекенчилдик уялаган кесиптештериме чакырык жасайм. Келгиле, Хашим табыпты жабылып коргойлу. 1-2 саат болсо да убакыт таап анын бейтапканасына барып өзүңөр көргүлө. Тууган-тааныштарыңарды алып барып дарылаткыла. Коркпогула. Хашим эч кимди өлтүрбөйт. Анын дарыларын чакалап ичсе да киши өлбөйт. Бирок дарттан айыгат. 
Бул кыргызга келген сейрек талант. Анын ишин жакшылап уюштуруп, көрүнгөн чөө талай бергидей кылбай, талапка ылайык деңгээлге көтөрүп алсак, баарыбыз үчүн сыймык, элибиз үчүн кут болот. Чет элдиктерди дарыялоо жагын уюштурса өлкөнүн бюджетин толтураар иш болот. Чынында эле бүгүнкү күндө ракты айыктыруудан чоң кандай иш бар?! Ушундай жөндөмдүү адамдары бар эл кор болууга тийиш эмес. Бул медицинанын эле эмес, бүтүндөй мамлекеттик саясаттын маселеси. Чынында биз кор болдук. Кудайдан жөө качкандар менен чөөлөрдүн заманы болду. Бул балээни жабылып жеңбесек бардык жакшынын баарын алар бирден талкалап жок кылат.

Бейшенбек Бекешов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости