www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Президенттикке талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн каражаттарынын маанисиз коротулушу жөнүндө элде сын көп айтылат. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Бизде фондго түшкөн акча каражаттарынын которулушу шайлоо боюнча конституциялык мыйзамда каралган (41-берене). Ага ылайык, шайлоо фондуна юридикалык уюмдардан, жөнөкөй жарандардан жана өз саясий партиясынан же шайлоого аттанган талапкердин чөнтөгүнөн акча чыгарууга уруксат берилет.

Ошондуктан, фондго каржылардын булактары ачык, коротула турган суммага чек жок. Шайлоо таза өтүшү үчүн каржыланганга чек керек да. Мисалы, ар бир жаран бир жолу 1000 сомдон ашпаган акча которуш керек, юридикалык компаниядан 10000 сомдон кем болбошу керек.

Ошондо ушундай акча булагынын топтоо тартиби саясий маданиятынын башаты болот. Анда эл оңой эле талапкердин жана финансылык уюмдардын башчылары жөнүндө маалыматка ээ болушат.

- Талапкерлер арасында ар кимисинин ар кандай финансылык мүмкүнчүлүгү бар. Алардын алды 45 млн. сом коротсо, аягы 1,5 млн. сом сарптады. Бул сумма кимдердин жардамы менен топтолушу мүмкүн? Башка өлкөлөрдө кандай, салыштырып өтсөңүз?

- Демократия менен өнүккөн өлкөлөрдө кайсы бир саясий идеологияны колдогон финансылык ишмерлердин корпорациялары жана жарандары колдошот. Мисалга алсак, АКШда ар бир жаранга 100 доллардан ашпаган акча которгонго мыйзам жол бербейт.

Бизде болсо талапкерди же партияны каржылык жагынан колдогондор бизнесин рейдерликтен сактоо сыяктуу өз кызыкчылыгы үчүн мажбур болушат. Алар шайлоодон кийин мамлекеттеги жылуу-жумшак, пайдасы бар креслого ээ болгулары келишет.

- Кийин президент болуп калган адам азыркы демөөрчүлөрүнүн алдында карыз болуп калбайбы?

- Албетте, ошол талапкер утса, көз карандысыз саясат жүргүзгөнгө толугу менен ээ боло албайт. Анткени, бийликке аттанган көп саясатчынын юридикалык демөөрчүлөр менен максаттары бир.

Өзгөчө шайлоо фондусуна көп каражат түшкөн талапкерлердики официалдуу жана көмүскө жол менен топтолот. Бирок, ошол саясий лидер күчсүз болот. Ага эл күбө.

- Үгүт иштеринде талапкерлер эл менен жалгыздап жолугушкан үчүн көп убада беришет. Мындай учурда эл куру убадага ишенип, тандоо мүмкүнчүлүгүнөн адашып калбайбы?

- Ар бир жаран өз башчысын шайлап алганга өздөрү жооптуу жана татыктуу. Бийликтегилер элдин камын көрүшпөй өз чөнтөгүн ойлоп калышса, биздин өзүбүзгө жараша болот да. Добушубузду сатып келе жатабыз. Мунун артынан саясий, экономикалык кризистер көбөйүүдө. Жөнөкөй элдин сынчыл ойлору жана сабаттуулугу төмөн болсо, аларды саясатчылар популизм менен оңой эле алдашат.

Ошондуктан, бизде үч төңкөрүш болгон. Элди манипуляциялоо үчүн саясий технологиялар колдонулат. Аларга саясий технологдор, PR- кызматкерлер, журналисттер, серепчилер, массалык маалымат каражаттарынын каналдары көмөк көрсөтүшөт.

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости