www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Көгүлтүр Ысык-Көл”санаторийинин 60 жылдык мааракесине арналган салтанатка жана жаңы корпусунун ачылыш аземине катышты. 

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп жатып, айрымдардын “Президенттин Иш башкармалыгы бир топ мекемелерди, анын ичинде Санариптик өнүгүү министрлигин да өзүнө алып, өзүнчө эле Өкмөт болуп алды. Дегеле Иш башкармалыгы көзөмөлдөн чыгып бараткандай” деген сөздөрүнө жооп берди.

“Түз эле айтайын, Иш башкармалыгы эч кандай көзөмөлдөн чыккан жок. Жогорку Кеңеш деген бар, Министрлер Кабинети деген бар, күч органдары бар. Булардын бири айтпаса, дагы бири айтат да, Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгү тууралуу. Кантип эле баары Иш башкармалыгынын көзүн карап калсын. Санариптик өнүгүү министрлиги өзүнчө министрлик болуп түзүлгөндүгүнө беш жылдын жүзү болду. Алдына коюлган милдеттерин аткара албай келаткандыгынан улам, анын айрым мекемелерин Иш башкармалыгына берип көрдүк эле, иш кыска аралыкта кадимкидей жыла баштады”, - деди Садыр Жапаров.

Натыйжада, Президент кошумчалагандай, Министрликти жоюп, анын айрым функцияларын Иш башкармалыкка өткөзүп берүү чечими кабыл алынган. Мамлекет башчысы Министрлик иштеп турганда бюрократия болуп, же бири-бирине шылтоо менен иш мынчалык жылгабаганына токтолду.

Последние новости