www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 3-июлдагы мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин митингинен кийин социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, Атамбаев коштоп келген “жаш элиталар” күлкүгө калды. Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев, митингде сүйлөгөн “жаш элиталарды” Атамбаевдин өзүнө окшоштурган.

--Кечээги митингден кийинки ойлор: АША өзү, Мээрбек, жанагы жаш жигит жашып кеткен, Алга, байкасаңар-баары псиxологиялык жактан бир окшош типаждар да. Кыргызда жакшы сөз бар: издешпей табышкандар деген! Булар бири бирине муктаж, биринин буркан шаркан сөздөрү менен экинчиси азыктанат, бири бирин күүлөйт, шыктандырат Бул баягы Кашпировскийдин эле командасындай да..., кичинеден бири бирин ишендирип, арбап, анан “групповой” транска кирип кетишет! Бир жакшы жери, турмуш мындайларды бат эле ал транстан чыгарып, кайра жерге алып келип коет.. Ошого жакындап калышты өзүлөрү деле, буюрса, - деп жазган Алмазбек Акматалиев.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости