www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы курулуп жаткан Үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ) менен таанышты.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жана Архитектура, курулуш жана коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча,  үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы курулуп жаткан имараты 2001-жылы башталган. Долбоор боюнча, имарат 2 блоктон, 3 кабаттан турат, 250 орунга  ылайыкталган. Жалпы сметалык баасы 174, 5 млн. сомду түзгөн.

Акыркы жылдары каражат каралбагандыгына байланыштуу курулуш иштери токтоп калган.

2015-жылы курулуш кайра жанданып, бүгүнкү күнгө карата ал 95 пайызга бүтүп калды. Борборду ишке киргизүү үчүн аны зарыл эмеректер жана жабдуулар менен камсыздоо керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков, имаратты көрүп чыгып, өлкөдө, өзгөчө региондордо саламаттык сактоону жана медицинаны өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи жана бул Үй-бүлөлүк медицина борборун тез арада пайдаланууга берүү зарылчылыгын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости