www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жаңы Конституцияны кабыл алганда эле жыргап кетебиз деген жеңил ойдон алыс болушубуз керек», - деди бүгүн, 30-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Алмазбек Акматалиев.

- Алмазбек агай, эмнегедир жаңы жазылган конституцияны сындап, Венеция комиссиянын корутундусун бетине кармагандар көбөйдү. Алар чындап Кыргызстанга күйүп жатышабы же Венеция комиссиянын алдында милдеттерин аткарып жатышабы?

- Венеция комиссиясын бетке кармагандар деле кыргыздын душмандары эмес. Билимдүү, илимдүү эле адамдар. Алар сынды өрчүтүп, өз саясатын жазап жаткандар. Алар саясий упай топтоп, болочок шайлоолорго даярданып жаткандар! Аларды да түшүнсө болот. Политехнология деп аталат...

- Элдин талкуусуна коюлган конституцияда алешемдиктер орун алганбы?

- Албетте, Конституциянын проектиси идеалдуу, кынтыксыз документ эмес. Бирок, одоно, өтө опурталдуу деле алешемдиктер жок. Кыргызстандын бүгүнкү жагдайына, эл 10-январдагы референдумда тандап алган президенттик башкаруу формасына төп келген Конституция. Албетте, Европалык түшүнүк, аң сезим, менталитет башка. Маселе ушунда.

- Жаңы конституцияны жалаң кошоматчылар жазып, чындап эле бийликти бир колго топтоп берип коюшканбы?

- Жаңы конституцияны тажрыйбалуу, илимдүү, билимдүү депутаттар, окумуштуулар, коомдук активисттер даярдады. Талкуу деле ачык жүрдү, көп элден түшкөн сунуштар камтылды... Бийликтин тең салмактуулугу деле президенттик формага ылайык сакталды. Мисалы, Президент бир да министрди Жогорку Кеңештин макулдугусуз дайындай албайт. Баш прокурорду да, Жогорку жана Конституциялык соттордун судьяларын да... Мындай мисалдар толтура!

Албетте, эл шайлаган Президенттин да ыйгарым укуктары көбөйдү! Президенттик башкаруу деген ошондой болот. Буюрса, мурункудай Жогорку Кеңештин жоопкерчиликсиз башкаруусунан кайтабыз, жөнөкөй, түшүнүктүү жана жоопкер аткаруу бийлик пайда болот. Заманга жараша тез жана сапаттуу чечимдер кабыл алуусуна шарт түзүлөт. Албетте, болочок Жогорку Кеңешке да билимдүү, принципиалдуу, кесипкөй адамдар барышы маанилүү! Жогорку Кеңеш канчалык күчтүү жана көз карандысыз болсо, Президент да, Өкмөт да ошончо ийгиликтүү иштейт.

- Жаны Конституция менен алдыга эмес, артка кеттик дегендер четтен чыгат. Жаңы Конституция менен алдыга эмес, артка жылдыкпы?

- Жаңы Конституцияны кабыл алганда эле жыргап кетебиз деген жеңил ойдон алыс болушубуз керек. Жаңы Конституция бул чоң мүмкүнчүлүк, чоң үмүт, чоң ишенич. Баары биздин колдо. Сөздү азайтып, ишке өтүш керек! Бир муштум болуп түйүлө албасак, коррупцияны жеңе албасак, эффективдүү экономикалык реформаларды жасай албасак, жаңы жумуш орундарды түзүп, калыс башкаруу системасын ишке ашыра албасак, анда бул Конституциянын деле пайдасы болбойт! Үмүттү үзбөйлү! Кыргызстанды оңдоо Кыргызстандын элинин гана колунан келет. Биз үчүн башка бирөө келип бир мык да какпайт... Бул биздин өлкө! Биздин мамлекет!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости