www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Аскар Акаевди ичип кетти дешчү, анын чындыгы бар”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Кыргыз эли Аскар Акаевди “бир дагы партияга мүчө болгон эмес, таза адам. Окумуштуу, жакшы сүйлөп, өзүн жакшы алып жүрөт, мамалекет үчүн иштейт” деп баары колдошкон. Мен Акаев менен  жакындан иштешип калгандыктан көптөгөн жакшы сапаттарын билем. Коомчулукта аны ичип кетти дешчү, мунун чындыгы бар. Себеби, резиденцияда жарым күнү өтчү. Түшкө чейин жумуш ордунда, түштөн кийин убактысы резиденцияда өтөөр эле. Тилекке каршы көп катачылыктарды кетирип, элдин үмүтү акталбай калды. Мамлекеттик кызматта болуп, кадрларды тандай албай адашты. Баарыбызга белгилүү болгондой үй-бүлөлүк башкарууга өттү. Балдарын депутат кылды, ошону менен катар аялы дагы аралашып жүрдү. Коомчулукта терс пикирлер жаралды. Биз легендарлуу парламенттин депутаты катары карап тура алган жокбуз. Ойлорубузду ачык айтсак, бизге каршы чыгып сөзүбүздү уккан жок. Аягында легендарлуу парламентти таратып тынышты. Буга Кумтөр маселеси дагы  чоң себеп болду. 15 жыл Аскар Акаев башкарды, эл менен бийликтин ортосунда ажырым пайда болду. Элдин тилеги, ишеничи жана мүдөөсү аткарылбай аягы жаман иш менен бүттү”, - дейт саясатчы.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости