www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда чек арадан мыйзамсыз помидор ташыган адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК ыкчам издөө иштерин жүргүзүүдө 27-мартта Баткен райондук сотунун уруксаты менен «Шоро» май куюучу жайынын кампасын тинтүүгө алган.

Анын жыйынтыгында кампанын аймагынан Кыргызстандын жараны Р.С.Х.га таандык «Вольво» жүк ташуучу унаасы чиркегичи менен жана К.А.Р.га таандык «Мерседес-Бенц» унаасы, ошондой эле коңшу өлкөнүн жарандары А.А. жана С.М.га таандык 19 тонна помидор табылып алынды.

Кармалган адамдар Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда унаанын айдоочуларына карата тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет.

Аталган иштин материалдары Жазык кодексинин 358-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) 1-бөлүгү менен Кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости