www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кытай вакцинасы Кытайдын өзүндө тыкыр текшерүүдөн өттү деп ишенсек болот», бүгүн, 30-мартта NazarNews маалымат агенттигине журналист Айданбек Акматов.

- Айданбек байке, коронавирустун вакцинасын элден мурун чиновниктер алсын дегендер чыкты. Чындап эле Тазабек Икрамов айткандай премьер-министр анын орун басары, Саламаттыкты сактоо министри алышы керекпи же эмдөө эреже менен жүрүшү зарылбы?

- Биринчи кезекте ооруулар менен байланышта же контакта болгон дарыгерлер алыш керек. Алар менен катарлаш жаш курагы, ден-соолугу боюнча тобокел катмарындагы адамдар алыш керек. Эгерде кайсы бир чиновник калк менен абдан тыгыз байланышта болсо, демек ал ооруну жайылтуучулар катарында болсо, андай категориядагы жарандарды да биринчилерден болуп эмдесе болот.

- Эмнегедир коомчулукта кытайдын вакцинасынан күмөн санагандар көп болуп жатат. Кытайдын вакцинасына ишенсек болобу?

- Кытай вакцинасына эмнеге ишенүүгө болбосун? Ал эффективдүүлүгү 80% жакын, ондогон өлкөлөр колдонуп жатат. Вакцинаны көбүнчө ар бир мамлекет өзү текшерип, анан колдонуп жатат. Кытай вакцинасы Кытайдын өзүндө тыкыр текшерүүдөн өттү деп ишенсек болот. Анын үстүнө Кытай вакцинасынын ден соолукка терс таасири боюнча дээрлик маалымат жок. Маселен, Британия менен Швеция чыгарган Astrazeneca вакцинасынын терс таасирлери боюнча маалымат абдан көп чыгып жатат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости