www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги мурунку президент Атамбаевдин абалы, анын кол тийбестиги жана акыркы берген маеги боюнча саясый серепчи Алмазбек Акматалиев менен баарлаштык.

- Экс-президенттин кол тийбестик макамы боюнча ЖКнын бүгүнкү отурумунда каралганы жатат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Азыркы президент мыйзам бузса импичмент аркылуу чара колдоно алабыз. Ал эми экс-президентке эч нерсе кыла албайбыз. Ошондо мындайча алып караганда, экс-президенттин кол тийбестиги азыркы президенттикинен дагы жогору болуп жатат. Ошондуктан аны кайрадан карап чыгып, мыйзамга ылайыктоо кажет.

- Атамбаевдин "Апрель" каналына берген акыркы маеги тууралуу эмнелерди айта аласыз?

- Атамбаевдин мүлкүнө бирөө көз арткандай, өзүнүн байлыгын айтып бүтө албай эле актанып, кайра-кайра чыгып жатат. Бабанов боюнча айта турган болсом, аны куугунтуктаган өзү да. "Ал камалыш керек. Сатылды" деп чыкпады беле шайлоодон соң. Өзү кылып алып, эми өч алыштын максатын эле кылып жатат. Жээнбековду ыңгайсыз абалга калтыруу үчүн Атамбаев Бабановду пайдаланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости