www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өздүк булактарыбыздын айтканына караганда курултайдын уюштуруучулары мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалынан оң-тескери сүйлөгөн маегин анализ кылышып, аны жаптыруунун жолун издеп жатышыптыр. Анткени, Алмазбек Атамбаев аталган телеканалга берген кыргызча маегинде чагымчылдыкка үндөгөн, элдин тынчтыгын бузган бир топ катачылыкка жол берген.
Ошондой көрсөтүүгө орун бергени үчүн “Апрель” телеканалын жаптыруу аракетин көрүп, тиешелүү органдарга кайрылганы жатышыптыр.
Сыягы, Текебаевдин “Сентябрь” телеканалы кантип заматта жабылса, Атамбаевдин “Апрель” телеканалына да так ошондой жагдай жаралды. Бирок, анын жабылышын каалагандар болгон күндө анын жабылар жабылбасы жогору жактын каалоосуна жараша болот. Президент тиштенип, теңелбесе жабылбайт. Эгер чыдамы түгөнсө, Алмазбек Атамбаевдин шоуларынан чарчаса жабалы деген тарапты кош колдоп коюшу мүмкүн.
Кыскасы, “Апрель” телеканалынын үстүнөн кара булут айланып калды. Кеңешбек Дүйшөбаев Атамбаевге күнү деле түшпөсө керек. Атамбаев менчик каналы “Апрель” менен өпкүсү келген саясатчыларды өөп, тепкиси келгенин тээп жатат.
Шумдугуң кургур элдин баары андан акча сурап, ал бербесе ачка калгандай эле таасир калтырды. Маселен, Кеңешбек Дүйшөбаев Атамбаев айткандай жарды адам эмес. Ал Атамбаевге жолукканча эле Бишкекте квартирасы анан калса машинасы болгон. Башкача айтканда, Атамбаев менен жакындашканга чейин эле өтө болбосо да, оокатына тың адамдардын катарында болчу. Атамбаев болсо, өзүнө каршы кишинин баарын каралаган адатын баштап, чындыкка дал келбесе да, баштагыдай эле балп эттирип салды. Пайгамбар жашына чыгып калганда жок дегенде бирдемени айтаарда ич күптүлүккө салбай, Кудайды карабайбы дегиң келет экен.
Булак: NazarNews.kg