www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы "Кыргызжылуулукэнерго" жана "Чүйдөгү адистештирилген көчмө механизациялаштырылган колонна" мамлекеттик ишканасынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Алар "ишенип берилген мүлктү ээлеп алган" деп айыпталууда. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылдыны 1-августунда "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасы "Балыкчы жылуулук ишканасы" менен "Орловка жылуулук жана суу менен камсыздоо" ишканасы үчүн от казандарын сатып алуу үчүн сынак жарыялаган.

"Жалпы баасы 22 миллион 854 миң сом болгон. Сынактын жыйынтыгы менен ошол эле жылы 19-сентябрда "Чүйдөгү адистештирилген көчмө механизациялаштырылган колонна" мамлекеттик ишканасы менен 20 миллион 200 миң сомго Балыкчыгы 3, Орловкага 1 от казан орнотуу боюнча келишим түзүлгөн", - деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.

Маалыматка караганда, ишкананын эсебине каражат которуу келишимдин шарттарын бузуу менен аткарылган. От казан орнотуучу ишкананын эсебине 12 миллион 900 миң сом которулган. Текшерүүнүн жыйынтыгында "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасынын Балыкчыга койгон от казандары иштебей тургандыгы белгилүү болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости