www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элдин баары, керек болсо мектеп окуучуларынан бери билет, кандай адам депутат болорун. Акылы кем болсо дагы эң негизгиси акчасы бар, базарчыбы же казанчыбы айтор бизнеси бар, чөнтөгүн акча тиреген элди эмес өзүн ойлогон адамдар депутат болорун жашырып жаап, жымсалдаганыбыз менен бул окуя шайлоо болгон сайын кайталанып эле келе жатпайбы.
Депутат Мирлан Бакиров жан алы калбай “депутаттарды базарчыга теңебегиле!” деп агынан жарылды. Ким теңеп жатыптыр, эгер алардын болгон оюу, тилеги бизнесин коргош үчүн акчанын күчү менен депутат болуп келип жатканы билинип жатса. Азыр керек болсо акча болсо байдын уулу байгара деле депутат боло алат. Бул карандай чындык. Алыс кетпей, сөзүбүз кургак болбос үчүн Бакиевдин учурунда “Ак - Жол” партиясы менен депутат болуп шайланып келгендерге компьютер үйрөнгөнгө эле канча убакыт короду. Аларды ким интелегенция деп айта алат. Ансыз деле куудулдар базарчы эмес кесилип келгендер депутат болуп жатат деп ачык эле айтып жатпайбы. Андыктан биз чындыкты жашырсак абдан уят болуп калабыз. Мисалы депутаттык шайлоодо партиянын лидерине аз болгондо американын 100 миң көк акчасын бериш керек. Эгер андан көп берсең анда алдыңкы сапка жазылып, биринчилерден болуп депутат болосуң кесибиңе карабай. Андай акча кимде бар?- Албетте базары бар адамдарда, бизнеси гүлдөп тургандарда. Ошол акчаны ким “ме” деп жөн эле бере салсын.
Эгер депутаттар интелегенциядан түзүлгөн болсо анда депутаттардын кисеттүү ишканасында эки-экиден мушташуу болмок эмес. Камчыбек Жолдошбаев депутат Садык Шер-Ниязды “жаман иттин аты бөрү басар деп айтмак эмес, ал эми Шер-Нияз Жолдошбаевди “дөбөт” деп атамак эмес эле. Алар ушул сыяктуу сөздөр менен убара болуп канча убакытты “киритке” кетирип жатышат. Билимдүү адамдар эч качан пастыкка барбайт жана жакшы сөздөр козголуп, ишке аша турган мыйзамдар жазылмак. Анан эле оозду керип, колунан иш келбеген даабатчы молдолордой ар нерсени айта бергенде не пайда? Кыскасы акыркы жылдары эл өкүлдөрүнө берилген эл арасындагы наамдар, “дөбөт”, “ушакчы”, ”базарчы”...
Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg