www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-мартта президент Алмазбек Атамбаев "Эркин Европа/Азаттык" корпорациясынын президенти Томас Кентти жана "Азаттык" үналгысынын директору Венера Жуматаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Томас Кент Кыргызстан ар дайым региондогу башка өлкөлөрдөн демократияга умтулгандыгы жана сөз эркиндигин урматтагандыгы менен айырмаланарын билдирди:

- Биз аны көрүп турабыз жана ошондуктан кызматташууну улантууга кызыкдарбыз. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кыргызстанда иштөөдө жакшы тажрыйбасы бар, - деди Томас Кент.

Атамбаев Кыргызстандын эли үчүн "сөз эркиндиги жана адилеттик деген түшүнүктөр ар дайым өзгөчө маанилүү" экенин белгилеп, ​маалымат каражаттарына чоң жоопкерчилик артылганын, ага жараша калыс жана чынчыл иштеши керектигин айтты.

«Демократиялык коомдун эң маанилүү жетишкендиги болгон сөз эркиндигинин жана ачык-айкындуулуктун азыркы жетишилген деңгээли менен кыргызстандыктар сыймыктанышат жана баалашат,- деди Алмазбек Атамбаев. – Бирок, тилекке каршы, өлкөдө кеңири орун алган пикирди билдирүү эркиндиги жалпыга маалымдоо каражаттарына өзгөчө жоопкерчилик тагаарын баары эле түшүнө беришпейт. Улам күч алып бараткан фейк технологиясы сөз эркиндигинин беделин түшүрүп, кадырын кетирип койбошу үчүнЖМК чынчыл жана калыс иштеши керек”.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу 26 тилде дүйнөнүн 23 мамлекетинде эфирге чыгат. "Азаттык" үналгысынын кыргызча берүүлөрүнүн обого чыга баштаганына 64 жыл болду. Учурда кыргыз коомчулугуна радио, теле берүүлөрү менен белгилүү. Интернетке кыргыз жана орус тилинде чыгат. Радионун кабарчылары эл аралык медиага тиешелүү бардык стандарттарды сактайт.

Булак: "Борбор Азия жаңылыктары"

Последние новости