www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Алтынай, алгач өзүң жөнүндө айтып берсең...

-Мен Токтогулдун кызымын, 3 балам жана учурда эки айлык боюмда бар. Үй-бүлөөлүүмүн.

-Учурда сени укук коргоо кызматкерлери көтөрүп кармап бара жаткан сүрөттөрүң ар кандай талкууну жаратууда. Чын эле сен укук коргоо органдарына карата таш ыргыткан жок белең?

-Жок, мен аларга эч кандай таш ыргыткан жокмун. Болгону биздин балдарды жөнү жок кармап кетип бара жатканда “балдарды коё бергиле” деп кыйкырганым чын.

-Бул жака силерди кармап келгенде силерди коркутуп –үркүтүүлөр болдубу?

-Тиги жакта бизди оозго алгыс сөздөр менен сөккөндөр болду, бул жакта бизди эч ким коркуткан жок, эч ким сөккөн дагы жок.

-Эми Сиздер Садыр Жапаровдун тарапташтары катарында баары-бир камакка алындыңар, мындан ары да Жапаровду колдой бересиңерби же колдоону токтотосуңарбы?

-Мындан ары да Садыр Жапаровду колдой беребиз, эч качан артка кайтпайбыз.

-Кубат Оторбаев Сиздер менен жолуктубу?

-Ооба кирип келди, мен ары карап олтуруп алдым. Бирок, ал бизге “утсаңар жеңүүчү, утулсаңар жазаңарды аласыңар”, деп айтты.

-Эми мындан аркы пландар кандай?

-Укук коргоо органдарынын жасаган мамилесине карата сотко беребиз жана чындык үчүн күрөшкөндү токтотпойбуз.

-Рахмат.

Эске сала кетсек, 25-март күнү Садыр Жапаровду колдоо митингинде, “баш-аламандыкты” уюштурду деп камалгандардын арасында Алтынай Сьезд кызы да болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости