www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов армияда «дедовщина» жок экенин билдирди.
Депутат Русланбек Жакышов эмне үчүн армияда өз жанын кыйган фактылар көп экенине кызыкты.
«Кыргыз жоокерлери аскерге келгенде өз жанын кыйышат. Эмне үчүн бул тынчтык мезгилде болуп жатат? Анализ жасадыңызбы? — деп сурады эл депутаты.
Коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов суицид боюнча бардык фактылар боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөнүн билдирди.
«Тергөө учурунда суицид боюнча бардык фактылар үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу экени белгилүү болду. Командирлер жоопко тартылды», — деди Алмазбек Карасартов.
Эл өкүлү кыргыз армиясында дедовщина барбы деп сурады.
Алмазбек Карасартов кыргыз армиясында «дедовщина» жок деп жооп берди.
«Мен кепилдик берем. Анча-мынча мыйзам бузуулар, тилекке каршы, аскердик тартипти бузуулар бар. Бул багытта Коргоо министрлигинин Тарбия иштери боюнча департаменти тарабынан бир топ иштер аткарылып жатат», - деди Алмазбек Карасартов.
Булак: NazarNews.kg