www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-февралда КР УКМК Төрагасы, Улуттук Бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев жана КР Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев 7-12- февраль күндөрү Венгриянын Дебрецен шаарында болуп өткөн бокс боюнча “Bocskai lstvan Memorial” эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан катышып келген спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган мелдешке Кыргызстандан 10 спортчу катышкан. Жыйынтыгында спортчу Эркин Адылбек уулу 86 кг салмакта күчүн сынап, финалда Бельгиялык Легенас Идристи жеңип, алтын медалга ээ болгон. Ал эми Асылбек Аманкул уулу 48 кг салмакта күч сынашып, күмүш медалды багындырган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев спортчулардын жеңиши менен куттуктап, боксчулардын эмгек сиңирген машыктыруучусу Тилекмат Эңкеевге жана Акыйкат Абаевге ыраазычылыгын билдирди. Төрага бул жеңишти багындырууда машыктыруучулардын эмгеги зор экенин баса белгиледи. Ошондой эле Ташиев, мамлекет спортчуларга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин айтып, спортчуларды күчтүү жана тайманбас болууга чакырды.
Өз кезегинде спортчулар жана алардын машыктыруучулары Улуттук Бокс федерациясынын президенти жана вице-президентине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришип, мындан ары да өлкө желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарды багындырууга болгон күч аракетин жумшашаарын убадалашты.
Булак: NazarNews.kg