www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадимки калмактардын каргышында айтылгандай эле кеп болуп туру. Алар айтат го, “өзүң билбе билгендин тилин алба” депчи. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев деген кап курсак жетекчи бар. Баштагы макал так ушул кишиге тиешелүү. Аныгында Алмазбек мырза олчойгон айлык алып коюп эле жатат, курсакты сылап.
Жетекчи болуп келгени кыйраткан ишин көргөзө албады, ишти мындай кой, эмне кылып атканын сөз жүзүндө айта албай олтурат. Калмактардын каргышына кайдан жүрүп кабылган деген ой кетет. Башкасын айтпайлы, Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдына келгенде байкуш боло калганычы. Депутаттардын суроосуна какап-чакап, жооп бере албай тердеп кургайт.
Ырасында, темир жол деген ири тармак, экономикабызды өргө сүйрөп турган ишканалардын бири экени талашсыз. Анан ушундай чоң тармакты жетектеген жетекчи сөрөйүбүз эт менен челдин ортосунда олтурганы жакшыбы? Же Ногойбаевден башка адам бул тармакты жетектей албайбы? Кирешени ар шылтоо менен адалдап сол чөнтөккө соломой туурасында бул киши уста дешет. Атургай атайын журналисттик иликтөө да жүрүп, жүзү ачылганы бар. Бирок былк этпей койду.
Булак: “De-facto”