www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, атайын кызматтын Тергөө башкармалыгы 16-марттан тарта 2010-жылдын апрель окуясындагы талап-тоноо, мародерчулук боюнча козголгон кылмыш ишти иликтеп жатат.

"Кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2010-жылдын 7-апрелинен 10-апрелине чейинки аралыкта кеңселерди, турак жайларды, анын ичинде Бакиевдин жана анын жакындарынын үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрдү талап-тоноо "Ата Мекен" партиясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз башкаруусу алдындагы топ тарабынан жасалганы аныкталды. Тергөөдө материалдар жана бул кылмышка катышкан бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

28-мартта Райкан Төлөгөновго "талап-тоноо уюштуруу", "атайылап мүлктү жок кылуу жана зыян келтирүү", "куралдарды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз алуу, сактоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө УКМКнын тергөө абагына камакка алынганын кошумчалады атайын кызмат.

Райкан Төлөгөнов 2010-2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты болгон. "Ата Мекендин" лидерлери буга чейин талап-тоноочулукка тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагып, курулай жалаа экенин билдирип келишкен.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости