www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Балдардын укугу жөнүндө БУУ Конвенциясынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын  Конвенцияны ратификациялаганынын 25 жылдыгына карата ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулган «Рулдагы балдар» акциясына катышты. 

Бул акцияда Бишкек шаарындагы №73 орто мектептин 10-классынын окуучусу 16 жаштагы Эмир Айдыралиев бир саат Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп көрдү, бул убакыттын аралыгында ал өспүрүмдөрдүн суицидге барышы жана мектептеги рэкетчиликтин алдын алуу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. 

Он алты жаштагы вице-премьер-министр өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдардын актуалдуу маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгиледи. Ал балдардын кошумча билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү үчүн өнүгүү боюнча акысыз ар кандай курстарды ачууну, тренингдерди уюштурууну сунуш кылды. 

Эмир Айдыралиев өспүрүмдөрдүн суицидге барышы жана мектептеги рэкетчилик маселесин көтөрдү. Анын айтымында, көп учурда өспүрүмдөргө тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбайт жана аларды ата-энелери менен жакындары түшүнө бербейт. 

Эмир Айдыралиев ошондой эле өспүрүмдөр үчүн насаатчылык механизмин киргизүүнү сунуш кылды. 

Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү бул маселелерди чечүү үчүн көрүлгөн чаралар, балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо чөйрөсүндөгү жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып беришти. 

Алтынай Өмүрбекованын айтымында, өспүрүмдөр арасындагы суицидди жана мектеп рэкетчилигин алдын алуу, улуу муундун өкүлдөрүнө балдардын үнүн жеткирүү үчүн  бардык тараптан – ата-энелердин, мектеп администрациясынын, мугалимдердин жана мектеп психологдорунун кызматташуусун күчөтүү керек. 

Алтынай Өмүрбекова мектеп окуучуларды түйшөлткөн маселелерди чечүүдөгү ар кандай демилгелерди ишке ашыруу үчүн жакшы аянтча экенин эскертти. Ал ошондой эле Эмир Айдыралиевди лидерлиги менен көптөгөн балдарды өздөрүн тынчсыздандырган суроолорду кыйла активдүү чечүүгө өбөлгөлөөгө чакырып, курбуларынын маселелерине көңүл коюунун жана ыктыярчылык менен алектенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Алтынай Өмүрбекова акысыз курстарды жана тренингдерди ачуу идеясын колдоп, ар бир мектепте китепканалардын алдында түрдүү ийримдер, өнүктүрүү борборлору ачылып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, Өкмөт, Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн мектептери балдарга достош болуп, алардын демилгелерин колдоосунун үстүндө иштеп жатышат.

Кеңешменин катышуучулары балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, өлкөдө билим берүү тутумун жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Алтынай Өмүрбекова бүгүнкү күнү мамлекеттин саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири ар бир баланын укуктарын жана үй-бүлөдө тарбиялануусун камсыздоо экендигин эске алуу менен баса белгилегендей, бул чөйрөдөгү мыйзамдык негизди өркүндөтүү иштери пландуу жүрүп жатат.

Ал Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата документти ратификациялаган ар бир өлкө Конвенциянын бир багытына артыкчылык берерин эскертти.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү артыкчылыктуу багыт катары «Баланын зомбулуксуз жашоо укугун»  тандап, бул аркылуу Конвенцияны колдой турганын ырастады», - деди вице-премьер-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости