www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн 900дөн 1000 сомго чейин жогорулатты. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев   кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет. 

Кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү акыркы жолу 2016-жылы көтөрүлгөн жана бир нече жылдан бери 900 сом деңгээлинде кармалып турган. 

Кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатуу жөлөк пул менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарды камтууну жакшыртат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости