www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык режиссёр Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия киносунун XIV эл аралык фестивалына катышып жатат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык фильм "Жокья-НЕТПАК" (JAFF) деп аталган фестивалдын негизги конкурстук программасына кирген.

"Аврора" биринчи жолу кечээ көрсөтүлдү. Ал эртең да элге тартууланат", -деп айтылат билдирүүдө.

Калыстар тобунун курамында кино тармагында аты чыккан режиссёрлор менен бирге белгилүү кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова да бар.

JAFF алдыңкы фестиваль, ал Азиянын мыкты картиналарын жайылтууну көздөйт. Быйылкы өткөн иш-чара "Кайра жаралуу" деп аталды.

Булак: NazarNews.kg  

 

Последние новости