www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алыскы боордоштордун үнү

Азыр ушу тапта кыргыздар Россия, Европага себилип калды. Россияны эле алалы : Санкт-Петербургда официалдуу түрдө 57 000 кыргыз жашап, эмгектенип жатат, Москвада угушума караганда 300 000 дей кыргыз бар дейт. Башка майда шаарларды айтпаганда Екатеринбург, Саратов, Тюмень, Красноярск, Новосибирск, Салехард, Ханты -Мансийск, Владивосток шаарларында бар, болгондо да өтө көп санда. Муну менен сыймыктанууга болбойт.
Себеби алардын мындан 5 жыл мурда эле 360 000 дейи Россия жарандыгын алып Кыргызстандан чыгып кетишкен, андан бери канчасы дагы чыгып кетти бир Кудай өзү билет ? !!!
Алардын балдары орус мектептеринде билим алып жатышат, ата-энелери завод, фабрика, курулуш жана соода тармагында иштеп жатышат. Качан келээри Кыргызстанга белгисиз . Алар миллиондур, балким 2 миллиондур, бирок 140 миллион калкы бар Орусияга бир тамчыдай сиңип кетүү коркунучу турат. Алардын Россияда улут катары калыптанып , уюп эл болушуна, кыргыз этносун сактап калышына эч кандай шарт жок !
Бул эмне дегендик ? Бул деген 20 жаштан 40 жашка чейин жумушка жарактуу кыргыздардын баардыгы Кыргызстандан чыгып кетти дегендик ! Бул деген Кыргызстандын кендерин, шахталарын, завод, фабрикасын,метрополитенин кура турган келечек муундардан айрылганы турабыз дегендик !
«Разрешение на работуну» жок кылып жардам кылып атабыз ал жактагы мигранттарга дегенден көрө уялбайбы биздин бийлик ! Андан көрө колунан келишинче, мамлекеттин алына жараша ошолорго жумушчу орундарды даярдабайбы ? !
Бул деген кыргыз улутунун көбөйүшүнө, уюп, толкуп улуу эл болушуна каршы өтө катуу сокку болду дегендик.
Кыргызстанда келечекте жалаң чиновниктер калабы эмне ? !
Сатып туруп качып кетебиз баарын дешеби ?
Кыргызстан кедей өлкө деп калп айтышат ! Биздин потенциалыбыз өтө жогору Орто Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу, 1000 алтын кени бар, көптөгөн көмүрдүн шахталары, уран, сурьма, туз, күмүш ж.б. толуп жаткан байлыктарды эмне кылышат экен азыр ушундайда пайдаланбаган !
Жасалма жол менен Россиядан көз каранды кылып бизди, өлкөгө саясий турксуздукту, алсыз саясатчыларды алып келген бийликтин эмне кереги бар !
Муну интернет звезда болуш үчүн же айрымдарга окшоп кызматка суусап айтып атканым жок мен !
Муну айтуу менин атуулдук милдетим !
Бул ой, бул сөздөр миллиондоп Россияда жүргөн кыргыздардын сөздөрү ! ! !

Шамил Карабала уулу

Последние новости