www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пекин жаза мөөнөттөрүн Кытайдын түрмөлөрүндө өтөп жаткан үч казак жаранын Астанага өткөрүп берди. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Азырынча ал жарандардын аты-жөнү жана мындан аркы тагдыры тууралуу эч кандай маалымат жок.
Жакынкы убактарда кытай тарап Казакстандын соттолгон дагы үч жаранын өткөрүп берүү маселесин карай турганы кабарланууда. Министрликтин маалыматы боюнча учурда Кытайдын абактарында дагы тогуз казак жараны бар.
Үч жаранды мекенине берүү тууралуу макулдашуу марттын башында Казакстандын Кытайдагы элчиси Шахрат Нурышев менен Кытайдын юстиция министринин орун басары Лю Чжицяндын жолугушуусу маалында жетишилген. Казакстан менен Кытайдын ортосунда эки өлкөнүн соттору тарабынан эркинен ажыратылган жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү тууралуу макулдашуу бар. Буга чейин Кытай тарап бир канча жолу соттолгон казак жарандарын мекенине экстрадициялаган.
Булак: "centralasian.org"