www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалыктардын 53 пайызы Илон Масктын АКШнын президенти Дональд Трампка болгон таасирин жактырышпайт жана анын администрациядагы ролу чоң болбошун каалашат. Бул тууралуу The Hill гезити Квиннипиак университетинин сурамжылоосуна шилтеме берип маалымдайт.

«Квиннипиак университети жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, респонденттердин 53 пайызы Илон Масктын Трамптын администрациясында көрүнүктүү роль ойношуна каршы экенин билдиришкен. Ал эми 39 пайызы Tesla жана SpaceX компанияларынын башкы директорунун маанилүү роль ойношуна колдоо көрсөткөн», — деп жазат басылма.

Андан сырткары, АКШнын 47-президентинин кадрдык саясаты боюнча да маалымат берилет. Сурамжылоо көрсөткөндөй, респонденттердин 43 пайызы Трамптын дайындоолорун колдошсо, 45 пайызы учурдагы чечимдерге каршы болушкан.

Буга чейин Словениянын Европа парламентинин депутаты Бранко Гримс Илон Маск сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтүлгөнүн билдирген. Анын айтымында, бул миллиардердин адам укуктарынын негизги принциптерин туруктуу колдогону үчүн жасалган.

Последние новости