www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК коррупциялык кылмыштарга каршыкүрөшүү боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында Чүй облусунун Москва районундагы«жер мафиясынын» ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Садовое айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы«Д. М. Т.», Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы «А. А. К.» жана КР прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери «У.Р.М.» мененбиргеликте материалдык жактан байуу максатында Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында жеке турак жай салууга арналган жер участокторун сатуу боюнча коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды.
“Коррупциялык иш-аракеттерин болтуруу максатында, жогорудагы аталган кылмыштуу топ жер тилкелерине муктаж болгон жарандардын кезекке туруу тизмелерин өзгөртүү, жер комиссиясынын отурумдарынын протоколдоруна өз алдынча оңдоолорду киргизүү жана тиешелүү адистерин кол мөөрлөрүн жасалмалоо сыяктуу иштерди жасаган”, -деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, аталган топтун — мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коркутуу жолдору менен, алардын аттарына жер тилкелерин фиктивдүү негизде каттоо боюнча кылмыштуу иштери аныкталган.
2025-жылдын, 31-январь күнү КР УКМК тарабынан, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336 «Коррупция», 379 «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча козголгон кылмыш ишининалкагында Чүй облусунун Москва районундагы аталган «жер мафиясынын» жогоруда көрсөтүлгөн мүчөлөрүн кармоо жүргүзүлгөн, кармалгандар КР КЖКнын 96,97-беренелерине ылайык КР УКМКнын ТКЖ киргизилген.
Учурда тергелип жаткан кылмыш ишининалкагында аталган коррупциялык схемага тиешеси бар баашка адамдарды аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнчазарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.