www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү балбан кыз, кыргыз элинин сыймыгы Айсулуу Тыныбекова жолдошу менен бал айын Мальдив аралдарында өткөрүүдө. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирип, сүрөт, видео жүктөдү.

Жаш жубайларга жолдомону өкүл ата, өкүл апасы белек кылган. Тыныбекова аларга ыраазычылык билдирүү калтырды.

Белгилей кетсек, кыргыздын белгилүү спортчусу Айсулуу Тыныбекова Таласка келин болгон. Үйлөнүү үлпөт той 15-январда Бишкектеги тойконалардын биринде өткөн.

Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери Айсулуу Тыныбекова 31 жашта. Ал Азиянын алты жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 2021-жылы Токиодогу Олимпиадасында күмүш байгеге, ал эми 2024-жылы Париж Олимпиадасында коло байгеге татыган.

 

Последние новости