www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын “Миң жылдык чакырыктары”
Миллениалдар – 1980-2000-жылдардын ичинде туулган адамдар, жаштар. Рузвельт кампусунун тармактары «Ойлон 2040» программасынын аркасында миң адам 2040-жылга чейинки жалпы абалды – Американын миң жылдык планын көрүүгө өзүнүн салымдарын кошушкан. Жарыяланган долбоор Американын алдыңкы планын көз алдыга тартат, анткени миллениалдар тушуга турган ХХI кылымдын чакырыктарына мыкты жооп бериш үчүн инфраструктурага жана жумушчу орундарына инвестиция салат, федералдык карызды кармап жана социалдык коргоо системасын чыңдайт.
«Ойлон 2040» программасынын мүчөлөрү чечууну талап кылган өсүп бараткан карызды, экономикалык туруксуздук жана негизги көйгөйлөрү менен бүтпөс жумушсуздукту аташкан. Американын келечеги үчүн негизги артыкчылыктар такталып, ал калыбына келтирилип жана жыйынтыгында гүлдөшү керек.
Ар бир америкалыктын гүлдөшүнө мүмкүнчүлүк болуш үчүн «батут» сыяктуу коом түзүп, артта калган элди экономикалык туруктуулукка кайтарып, ишкерликти көтөрмөлөп, коомчулуктун жоопкерчилигин көтөрүп жана банк системасын жаңылаш керек.
Миллениалдар батып бараткан философиясын жандандырууну жеринде баштоону каалашат, багыты Америкага гүлдөп өнүгүүнү кайтаруу. Баарынан жакшысы, бардык өлкө боюнча коомчулуктарда жаш адамдар Американын экономикалык иденттүүлүгүн кайра жасоо менен Американын миң жылдык жетишкендигинин үстүндө иштеп жатышат. Ал тургай ушул “маалымат кылымында” жергиликтүү күчтөр Американын келечегин өзгөртүү боюнча жаштардын аракетине кошулуп, борбордо чогулушат.
Коомчулукка багытталган бул жүрүш мүмкүнчүлүктөрдү тартуу, кеңейтүү жана кийинки муундан прогрессивдүү лидерлерди чыгаруу боюнча Рузвельт кампусунун тармактары миссиясына жооп берет. Рузвельт кампусунун тармактары аркылуу өлкөдөгү эң чоң студенттик саясий уюмда жаш адамдар өз шаарларында, штаттарында жана өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү таап чыгышып, аны чечүү үчүн өздөрүнүн саясий чечимдерин өзүнүн тегерегиндеги кампанияларда өткөрүшөт, бул – өз алдынча кийинки америкалык активистти, лидерлерди жана ойчулдарды тартиябоо үчүн кичинекей болсо да мээ иштетип акыл жүгүртүүчү борбор болот.
Жыйынтыгы: миллениалдар өздөрү мураска алып кала турганды өздөрүнө айтышат.
“Биздин лидерлер муну угат го деп ишеним артабыз. Биз америкалык коомчулукка, лидерлерге жана активисттерге биздин келечекти көрүүбүздү жайылтууга колдоо көрсөткүлө деп кайрылабыз. Биз өткөндөн сабак алып, келечекке умтулуп, баалуулуктарды жана артыкчылыктарды чагылдырган Американы түзгүбүз келет. Биз сиздердин балдарыңарбыз, неберелериңербиз, ХХI кылымда кездешип турчу көрүнүштөрдү, проблемаларды аныктап чечүүдө сиздердин мыкты тандооңор бизбиз, биз колдой алабыз, ишке ашырабыз жана жеткиребиз”, - дешет миллениалдар.
ХХХ
“Миң жылдык чакырыктар” корпорациясы Американын көз карандысыз өкмөттүк агенттиги болуп эсептелип, 2004-жылы январда дүйнөдөгү жакырчылык менен күрөшүү, өнүгүп бараткан өлкөлөргө жардам берүү максатында Конгресс тарабынан түзүлгөн. Үчүнчү жактардын рейтинги жана индекси (Дүйнөлүк банк, МВФ, ВОЗ, ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО, Heritage Foundation, Freedom House, Брукинг институту жана башка) жылыга “Өлкөлөрдү баалоо картасын” (Country Scorecard) чыгарып, каржы-техникалык колдоо программасын ишке ашыруу үчүн өлкөлөрдү тандап алат. Программага тигил же бул өлкөнү киргизүү жөнүндө чечимди “Миң жылдык чакырыктар” Корпорациясынын АКШ Президенти тарабынан дайындалган директорлор кеңеши Сенат менен макулдашып кабыл алат. Ушул учурда анын курамына АКШнын мамлекеттик катчысы, финансы министри, АКШнын соода өкүлү, МЖК (Миң жылдык чакырыктар корпорациясынын) аткаруучу директору жана айрым жеке компаниялардын өкүлдөрү кирет.
ХХХ
2020-жылы “Өлкөлөрдү баалоо картасына” Өзбекстандын жакшы көрсөткүчтөрү талкууланып, жакырчылыктын деңгээлин кыскартканы жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздаганы үчүн финансылык-техникалык жактан жардам берүү каралган. Корпорациянын баалоо маалыматына Өзбекстандын өнүгүп баратканы, анын ичинде фискалдык саясаттын көрсөткүчү, кредитке жеткиликтүүлүк, бизнести ачуу жана жүргүзүүнүн ачыктыгы, саламаттыкты сактоого чыгашалар, калктын саламаттыгын көтөрүү жана балдардын ден соолугуна кам көрүүсү түрткү болгон.
2020-жылы Өзбекстан “Бизнеске киришүү” рейтингинде 190 мамлекеттин ичинде өткөн жылдын рейтингине салыштыргында 76дан 7 позицияга көтөрүлгөн. “Экономикалык эркиндик индексинде” республика 180 өлкөнүн 114-орунунда турса, 2019-жылга караганда өз абалын жакшыртып, 26 позицияга көтөрүлгөн. Өзбекстан “Мыйзам үстөмдүгү индексинде” 128ден 92-орунга чыгып позициясын көтөргөн.
Мындан сырткары, «Gallup, Inc.» рейтингинде үч позицияга көтөрүлүп, 153 мамлекеттин ичинен 38-орунду ээлеп, дүйнөдөгү бактылуу өлкөлөрдүн рейтингине кирген. Ал эми МЖЧ корпорациясынын өкүлдөрүнүн ою боюнча, республика саясий жана жарандык эркиндиктин көрсөткүчтөрүн жакшыртат, коррупция менен күрөшүп, укуктун үстөмдүгүн орнотот.
Ушул учурда Өзбекстандын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча максаттуу иштерге, алсак, Бүткүл Дүйнөлүк банктын жылдык рейтингинде “Бизнеске киришүү” (Doing Business), “Экономикалык эркиндик индекси”, АКШнын Изилдөө институтунун “”Мурас фонду” (Heritage Foundation), “Мыйзамдын үстөмдүгү индекси” «World Justice Project» Американын өкмөттүк эмес уюму «World Happiness Report», Gallup, Inc консалтинг компаниясы жана башкалар тартылган.
ХХХ
Акыркы 30 жылдан бери өнүккөн өлкөлөр өнүкпөй келаткан кедей өлкөлөргө жардам берип келсе, тилекке каршы планетанын жарым калкы жакырчылык менен күрөшүүдө. Ушул кезге чейин кедей өлкөлөргө колдоо көрстүүчүлөр башка өнүккөн өлкөлөргө кол сунууга үндөп келатканы менен жардам алуучу мамлекеттер ондогон жылдар мурдагыдай эле жакыр болуп, андан бетер жакырланган учурлар кездешет.
Расмий маалыматтар боюнча 1980-жылдан 2000-жылдарга чейин АКШ 150дөн ашык мамлекетке 170 млрд доллардан ашык акча берген. Бирок Дүйнөлүк Банк тастыктагандай, 100 өлкөнүн калкынын ИДПнын жан башына эсептегенде 1076 доллардан 994 долларга чейин кыскарган. Андыктан, 2004-жылы АКШнын Президенти Джорд Буш абалды оңдоо аракетинде мамлекеттик “Миң жылдыкт чакырыктар” (Millenium Challenge) корпорациясын түзгөн. Корпорациянын ачылышында Президент “Мыйзамдуулук, экономикалык эркиндик, башкарууда тунуктук жана адам капиталына салым кошуу” деп айткан. Корпорация түзүлгөндөн 3 жылдан кийин эле 15 мамлекет корпорация менен келишим түзгөн. Арыз бергендердин көбү мурдагы постколониалдык жана постсоветтик өлкөлөр болгон. Алуучулардан кайтарымсыз кредиттерди тартып алуу менен корпорация өзүнүн туугандык донордук уюмдардан айырмаланган атайын критерийлерге негизделген инновациялык моделди пайдаланат. Корпорациянын талабы менен америкалык салык төлөөчүлөрдүн ар бир доллары алуучу өлкөлөр тарабынан натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү пайдаланылышы керек.
“Биз акчанын кайра кайтарылышын талап кылбайбыз, бирок алар жакырчылыкты кыскартууга жана экономикалык өсүштү камсыздоого багытталышы керек”, - дешет алар.
Кийинки этаптарда саясат, экономика жана социалдык жоопкерчилик багытында өлкөлөрдүн жетишкендиги текшерилет. Башкача айтканда, бул - мыйзамдын үстөмдүгү, экономикалык эркиндик жана адам капиталына инвестиция.
Кийинки негизги тест – америкалык антикоррупциялык стандарттарга өлкөнүн аракетинин дал келиши кажет. Критерийлер дал келгенде гана өлкө корпорациядан жардам алганга ат салышса болот. Эгер өлкө ушул үч көрсөткүчтөн өзүн көрсөтө албай калса, анда корпорациянын инновациялык модели ага “босого долбоорунун” чегинде жардам көрсөтө алат, ал өлкө квалификациялык минимумга чейин “көтөрүлө” алат. АКШ корпорациясы Кыргызстан менен босого келишимин түзүп, коррупцияга каршы күрөш жана сот-тергөө органдарына реформа жасоо үчүн 60 млн доллар берген. Корпорация агрардык сектор жана жол куруу үчүн Грузия жана Армения менен келишим түзгөн.
“Өлкөлөр өздөрү өнүгүүсүн жана өз аракеттерине өздөрү жоопкерчиликтүү болуусун каалайбыз, биз аларды материалдык жактан колдойбуз” – деп айтылат корпорацияда.
Долбоорлорду ишке ашырууда айтылган тапшырмаларды канааттандырбаса же көзөмөл көрсөткүчү начарлап кетсе, корпорация каржылоосун токтотот. Мындай мисал Йеменде болгон. “Миң жылдык чакырыктар” корпорациясынын башкы идеяларынын бири – жакыр өлкөлөргө жакыр жардамды реформа жасоого убада берүү үчүн эмес, чыныгы реформа үчүн берүү”.
Бирок бул идеялардын түпкү максаты эмнеде? Эмнеге тышкы карызы чачынан көп Америка жакыр өлкөлөргө акча таратуу, согуш чыккан аймактарга курал-жарак берүүсүн токтотпой келет? Мындай жөнөкөй жана терең ойлонтуучу суроолорду кабыргасынан койсок болот. Эч бир инвестор өзүнүн пайдасын көздөбөсө инвестиция салбагандай эле, Америка да жөндөн-жөн эле кооз сөздөргө жамынып, миллиарддаган долларларды асманга сапыра бербесе керек.
Сымбат Максутова, журналист
Булак: NazarNews.kg