www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Андрей Портновду ким өлтүрдү? Саясий кек алуубу же кылмышпы?
Мадридде менин жана үй-бүлөмдүн жакшы досу, адвокат жана адам укуктарын коргоочу Андрей Портнов ырайымсыздык менен өлтүрүлдү. Бул тууралуу белгилүү медиа эксперт Анатолий Шарий соцтармактагы баракчасына пикирин билдирди.
— Андрей көп жылдан бери Зеленский режимине жана диктатурага каршы күрөшүп келген.
Ал ар дайым адам укуктарын коргоп, адилетсиздикке, жалган маалыматтарга жана репрессияларга каршы күрөшкөн, муну менен гана чектелбестен, Украинадан сырт жакта да аракет кылган.
Андрей мени Испанияда өлтүрүүгө аракет кылышкан схема боюнча, чак түштө ачык эле өлтүрүлдү.
Мен бир эле пайда көргөн тарапты көрүп турам — бул Президенттик Аппарат.
Президенттик Аппарат өзүнүн кооптуу душмандарын өлтүрүп жатат.
Тилекке каршы, Андрейдин жүрөгү Зеленский жана анын кылмыштуу чөйрөсү тууралуу компроматты ачыкка чыгарууга үлгүрбөй туруп эле токтоп калды, - деп пикир калтырган белгилүү журналист Анатолий Шарий.