www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ант берип, кылмыш кылгандар

“Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” дегендей, айткандары менен кылган иштери төп келбеген, чиновниктердин жоругу жолдо калсын.

Ант берип ишке киргендер, таза иштесе анда сєз башка эле. Баарынан дагы конститутцияны кармап,  улуу Алланын жана элдин алдында “таза иштеп берем” деген депутаттар баштаган чоң кызматтагы адамдар жүздөрүнөн нур тамып, кубанычтуу үн менен ант берип, жайдары жүз менен майлуу ишке кирип алып, кылган иштерин уккан адамдын төбө чачы тик турат.

Андан дагы депудаттык мандатты кызылдай акчага сатып алгандар, жалаң кылмыш ишине тартылгандар экени ачыкка чыгып калып жатканы, эмне деген сөздүн башын козгойт. Алыс кетпей Аскарбек Шадиевди мисалга алсак. Канча жолу депутат болду.

Андан дагы мурда кылмыш иши козголгон жана жем корлук менен иштен айдалганын билип туруп, эмнеге аны вице премьер министр кылышты. Акыры өлкөнү сызга олтуругузуп, элдин ырыскысын ичип-жеп, талап-тоноп алып, Америкага качып кеткенден кийин издөө салып, сыртынан он жылга кескендин кимге канча кереги бар? Деги биздин билермандардын арасында кылмыш иши козголбогон, жем корлукка берилбеген бирөө жарым бар болду бекен? Ушул суроого ким жооп бере алат болду экен?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости