www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда 2 жаштагы наристе шымына сийип койгону үчүн катуу сабалып, кийин ооруканадан чарчап калган окуя боюнча таежеси 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин белгилүү болгондой, 23-декабрда болжол менен саат 12:00 чамасында Жети-Өгүз райондук ооруканасына 2 жаштагы наристе денесиндеги ар түрдүү жаракаттары менен келип түшкөн. Кийин ал жандандыруу бөлүмүндө чарчап калган.

"Бул факт боюнча Жети-Өгүз РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен иш козгогон. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган. Азыр ага карата козголгон кылмыш ишиндеги берене өзгөртүлдү. Учурда кылмышка шектүү 104-берене (саламаттыкка атайылап оор зыян келтирүү) боюнча айыпталууда. Кечээ Жети-Өгүз райондук соту 40 жаштагы кылмышка шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган", - деп билдиришти милициядан.

Баланын апасы 21 жашта, ал жолдошу менен ажырашып, Орусиянын Москва шаарына иштөө үчүн 12-декабрда кеткен. Ал эми баласын бир тууган эжесине таштаган. Шектүү катары кармалган наристенин таежеси алгачкы көрсөтмөдө баланы шымына сийип койгондугу үчүн сабалган. Ал баланы чымчып жана далысына бир-эки жолу чаап, төшөккө ороп жаткырып койгон. Бир аз убакыт өткөндөн кийин баланын абалы начарлаганын байкап ооруканага алып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости