www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын районунун Миң-Булак айылында 300дөй киши чогулуп, Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө каршы жыйын өткөрдү. Ага миңбулактыктардан сырткары Эмгекчил, Он-Арча айылдарынын тургундары катышты. Алар бийликке "кенди иштеткен компания ишин токтотуп, чыгып кетсин" деген талап коюшту. Ага Нарын районунун акими Семетей Черикбаев жана саясатчы Адахан Мадумаров катышты.

Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн кытайдын “Jhong ji Mining” компаниясы Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курулмак. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда. Учурда кенге барчу жол салынууда.

Солтон-Сары алтын кенинде "Кыргызалтынга" тийиштүү алтын комбинаты бар. Жергиликтүү тургундар "комбинаттан чыккан саркынды суу жайытка тарап, мал-жанга зыян тийгизип жатат" деп кабатыр болуп келишет. 

Белгилей кетсек, аталган ишкана жерди убактылуу пайдалануу үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости