www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Ивановка айылында күйөөсү атып алган келин ооруканага жаткырылды. Ал өзүнө келип, жандандыруу бөлүмүнөн чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова кабарлады. Маалыматка караганда, 25-декабрда А.В. аттуу 35 жаштагы адам достору менен спирт ичимдигин ичип отуруп, куралдан ок чыгарган. Натыйжада ок аялынын көкүрөгүнө тийген.

- Учурда ок кандай куралдан атылганы такталып жатат. Кылмышка шектүү убактылуу тергөө абагына камалып, экспертиза дайындалды.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости