www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-декабрда парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева шайланды.

Касымалиева ишенип берилген милдетти актоого аракет кыларын билдирди.

"Кыргыз мамлекетинин өнүгүшү, кыргыз элинин бакубат жашоосу - баарыбыздын максатыбыз. Ушул ыйык трибунада туруп Кыргыз мамлекетинин ишмери Султан Ибраимовдун сөзү эске келет. Ал "эмгек элде калат!" деп айткан. Мага ишенип берилген милдетти актоого сөз берем", - деди вице-спикер.

Эске салсак, Аида Касымалиеванын кесиби - журналист. Ал "Азаттыкта" бир топ жыл эмгектенген. Ал 1984-жылдын 7 августунда туулган, Ош облусунун кулуну. 2017-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости