www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тоок жумурткасынын баасы эмне себептен кымбаттап кеткенин түшүндүрдү. Мекеменин маалыматында, баанын көтөрүлүшүнө бир нече фактор таасир эткен.
Алардын бири – жеткирүүлөрдүн азайышы. Тооктордун тукумун жаңылоо жана пландуу эмдөө иштерине байланыштуу өндүрүштүн көлөмү кыскарган. Эмдөө мезгилинде тооктордун жумуртка берүү көрсөткүчү 30 күнгө чейин төмөндөйт. Ошондой эле сезондук факторлор таасир эткен.
Ошондой эле канаттуулар фабрикаларында тоюттун, таңгактоочу материалдардын жана логистикалык кызматтардын кымбатташы дүң баалардын бир мезгилде көтөрүлүшүнө алып келген.
Мындан тышкары баанын көтөрүлүшүнө базарлардагы ортомчулар да себеп болгон.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааны турукташтыруу максатында Канаттуулар өстүрүүчүлөр ассоциациясы жана ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн.
Жыйында ассоциацияга баа саясатын кайра карап чыгуу, ортомчулар менен тиешелүү иштерди жүргүзүү жана баа түзүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу сунушталган.